Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:57

Сокулук райондук соту бүгүн Калия Арабекованын ишин карайт


Өткөн жылдын жаңы жыл түнү сот кызматкерлеринен кордук көрдүм деген Калия Арабекова буга чейин Талас райондук сотуна ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Андан кийин анын иши Сокулук райондук сотуна которулган. Жабырлануучу сотко катышууга жактоочусу жок экенин айтып, ансыз өзүнүн кордолгонун далилдей албасына кабатырланып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Таластын тургуну Калия Арабекова эки баласы бар жылгыз бой аял. Ал өзүн 2013-жылы 30-декабрь күнү Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары зордукташканын билдирген. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, Талас облустук соту айыпталуучуларды үй камагында калтырган. Айыпталып жаткандар Арабекованын айткандарын төгүндөп келишет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG