Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

“Аэрофлот” алты жылдан кийин Тбилисиге каттамын жандантты


Орусиянын мамлекеттик аба компаниясы Москва-Тбилиси каттамын кайра жандантып, 27-октябрда 100 чамалуу жүргүнчүнү Москвадан Тбилисиге жеткирди. Бул Орусиянын ири аба компаниясынын 2008-жылы Түштүк Осетиядагы согуштан кийинки алгачкы каттамы болду.

Орусия 2008-жылы Түштүк Осетияны жана Абхазияны Грузиядан көз карандысыз өлкө деп таанып, согуштан кийин эки аймакка аскер базаларын жайгаштырган. Бул окуя Орусия менен Грузиянын дипломатиялык алакаларына да чекит койгон болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG