Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Ишкер Алкановго кол салууга шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалды


Таласта бычакталган ишкер Райкан Алкановго кол салууга шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалган жаран Талас облусунун тургуну. Учурда ал сурак берип жатат.

Министрликтен кылмышка башка адамдардын да катышы бар болушу мүмкүн экенин кошумчалашты.

Райкан Алкановго 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салуу болгон. Ишкер учурда Талас облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Анын абалы оор, бирок туруктуу. Кол салуудан Алкановдун ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ага операция жасалды. Дарыгерлер ишкердин денесине 18 жолу бычак урулганын билдиришкен.

79 жаштагы Райкан Алканов өлкөдөгү белгилүү ишкерлердин бири. Ал тутумуна ири базар жана бир нече ишкана кирген “Алканов жана компания” ишканасын жетектейт.(BkA)

XS
SM
MD
LG