Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

“Ата Мекен” энергетикадагы бир катар жетекчилерди кызматтан алууга чакырды


Бул тууралуу аталган фракциянын бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда фракция мүчөлөрү энергетика тармагындагы бир нече жетекчи мурда коррупцияга аралашканы үчүн жоопко тартылып, бирок кийин мунапыстын негизинде акталганына көңүл бурган. Фракциянын маалыматы боюнча, “Камбар-Ата 2” ГЭСин курууда коррупциялык иштерге жол берилип, мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 230 миллион сом зыян келгени аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп, андагы бир нече жетекчиге айып тагылган. Бирок алардын көпчүлүгүнүн иши 2012-жылы эгемендиктин 20 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын негизинде кыскартылып кеткен. Мындан соң иш ачылган Бектурсун Качканкулов “Камбар-Ата ГЭС-2” акционердик коомунун башкы директору, Осмонбек Бакиев Бишкек жылуулук борборунун директорунун орун басары, Акбаралы Кудайбергенов “Камбар-Ата ГЭС-2” акционердик коомунун жетекчи орун басары, Осмон Качкынбаев «Нарынгидроэнергострой» ишканасынын директорлугуна кайрадан дайындалган.

Учурдагы энергетика тармагындагы оор кырдаал чечкиндүү кадамдарды талап кылганын, анын негизги багыты катары коррупция менен күрөшүү экенин айткан фракция мүчөлөрү өкмөттү жогорудагы жетекчилерди кызматтан алып, аларды кызматка дайындаган жетекчилердин жоопкерчилигин кароого чакырды.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG