Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Оторбаев ИИМде тез арада реформа жүргүзүүнү тапшырды


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди бүгүн кабыл алып жатып билдирди. Анын айтымында, жарандардын милицияга ишенимин жогорулатуу үчүн жаңы жетекчилик бул тармакта кыска убакыт аралыгында реформаны ишке ашырышы кажет. Ал үчүн министрликти милициянын кадыр-баркын кетиргендерден тазалап, адискөй жаштарды, кадрларды ишке тартуу керектигин Оторбаев белгиледи.

Өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана ички иштер органдарын реформалоо маселеси көптөн бери эле талкууланып келе жатат. Бул боюнча өкмөттө бир нече жумушчу топ түзүлүп, талкуулар өткөн. Бирок жарандык коом жана укук коргоочулар реформанын жыйынтыгы болбой жатканын сынга алып келишет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG