Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Жерүй боюнча конкурс кийинки жылы өтөт


Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен кабарлашты. Кенди иштетүү үчүн лицензиянын баштапкы баасы 100 миллион доллар деп сунушталууда.

Буга чейин өкмөт Жерүйгө сынак өткөрүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзгөн. Ага ар кыл мамлекеттик органдардан 25 адам мүчө болгон. Комиссия бир айдын ичинде сынактын тартибин жана шарттарын иштеп чыгып, өкмөткө сунушташы зарыл.

Өкмөт өткөн жылы да Жерүй алтын кенин сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Эксперттер баштапкы баанын жогору болушу жана соттошуулар конкурстун үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришкен. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG