Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Аба ырайы


Чукул эскертүү:

28-29-октябрда жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 0…-5 градус суук (пахта себүүчү аймактарда -1…-3 градус үшүк жүрөт), күндүз 0…5 градус жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз -2…+3 болушу күтүлөт.

Аба ырайы:

29-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерде туман түшөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...2,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-3, күндүз 3...8,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...2,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. мезгил-мезгили менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Түнкүсүн -5…-7, күндүз -1...1 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG