Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Батыровдун мүлкү боюнча губернатордун мурунку орун басары кармалды


Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Тайхожа Гиязовго Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда Кадыржан Батыровдун уулуна үлүш жерлерди мыйзамсыз берген деген айып менен ушул жайда кылмыш иш козголуп, издөө жарыяланган. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери өткөн аптада Гиязовду Бишкекте колго түшүрүштү. 26-октябрда анын баш коргоо чарасы каралып бир айга камакка алынды. Ишти облустук прокуратура тергеп жатат.

Тайхожа Гиязов губернатордун орун басары болуп 2010-жылы апрелден сентябрь айына чейин иштеген. Ошол жылы күзүндө “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG