Жарыксыз жаңы конуш
Капилет жааган кар Кыргызстандын кышка даяр эместигин даана көрсөттү. Чыңалууга чыдабаган электр линиялар, трансформаторлор иштен чыкты. Ал ортодо энергетика министри Кубанычбек Турдубаев электр кубаты эл көп колдонгон кечки 6дан түнкү 11ге чейинки убакта өчүрүүлөр болорун, эл электр энергиясына ишенбей отун-суу камдашы керектигин ачык айтты. Анын айтымында, коңшулардан алчу энергия маселеси дале чечиле элек, андыктан эл кыйын кырдаалга даяр болушу керек. Деген менен Ак-Бата сыяктуу шаар четиндеги конуш эли кышка даяр эмес, алардын ишенгени электр жылуулугу.
Чыгарылыштар
-
Апрель 09, 2024
Сокулуктагы кылмыш: 13 жаштагы кызга кысым күчөдү
-
Апрель 08, 2024
Бишкектин жолдору качан оңдолот?
-
Апрель 06, 2024
"Апрель окуясы бардык бийликке сабак". Таластагы эскерүү
-
Апрель 02, 2024
Ош: Жүк ташыган айдоочулар нааразылыкка чыкты