Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Күрттөрдүн пешмерга күчтөрү Кобаниге жөнөтүлдү


Кобанидеги аба соккуларынан кийинки көрүнүш. 28-октябрь, 2014-жыл.

Кобанидеги аба соккуларынан кийинки көрүнүш. 28-октябрь, 2014-жыл.

Ирактагы Күрт автономиясынын бийликтери кабарлагандай, Кобанини коргоого жардамдашуу үчүн жөнөтүлгөн пешмерга күчтөрү ал жерге Түркия аркылуу жетет.

Ирактагы күрттөрдүн аймактык өкмөтү Кобаниге 150 аскер жиберүү чечимин өткөн аптада кабыл алган.

Бул аралыкта Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглы Кобани боюнча Анкаранын дарегине айтылган сындарды четке какты. Ал бүгүн Би-би-сиден көрсөтүлгөн интервьюсунда:

-Кобанини сактоо аны жана айланасындагы аймактарды “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен бошотуу дегенди билдирет. Бул аскерий операцияны ким башкарат? Айрым эл аралык маалымат каражаттары Түркияны айыпташып, андан бир нерсе күтүшкөндө таң калып, дел болдум. Оболу алар Түркия эмне жасоосу керектигин аныкташы керек. Эгер Түркия армиясы Кобаниге кирсе, мен эл аралык медианын басымдуу бөлүгү же кээ бир тараптар Түркияны башка мамлекетке интервенция жасады деп сындашарына ишенем.

Ахмед Давутоглы эгер жаңы плюралисттик жана демократиялык Сирияны куруу, согушкерлер жана режим жасаган кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча орток пикир табылса, Түркия кандай коалиция болбосун жардам кыларын кошумчалады.

Сириянын күрттөр жашаган Кобани шаарчасы бир айдан ашуун убакыттан бери “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери тарабынан курчалып турат.

АКШ баштаган коалициянын бир нече аптадан бери “Ислам мамлекети” тобунун Кобанинин айланасындагы турумдарына абадан сокку урууда.

Активисттердин эсебинде, сентябрдын ортосунан берки уруштардан бул жерде 800дөй кишинин өмүрү кыйылды.

200 миңден ашуун киши, көбүнесе сириялык күрттөр Түркиянын чегине качып өтүүгө аргасыз болду. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG