Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Швейцария эболага каршы вакцинаны сыноого уруксат берди


Өлкөнүн дары-дармекти тескеген Swissmedic агенттиги билдиргендей, вакцина Лозанна университетинин ооруканасында салматтыгы чың 120 ыктыярчынын арасында сыналат. Бул клиникалык сынакты Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму колдоодо.

Эксперименталдык вакцина сыналуучу ыктыярчылар - Батыш Африкага, эбола эпидемиясына каршы күрөшүү үчүн медицина кызматкери катары бара тургандар.

Азырынча эболага каршы дары же вакцина жок. Лозаннадагы сыноо ушул аптада башталып, алгачкы жыйынтык декабрда чыгат деп күтүлүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG