Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

“Баланын курсагын тойгуз” аттуу акция жүрүп жатат


“Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Кыргызстандагы 66 жеке балдар үйлөрүндө абал оор, тамак-аш жетишсиз. Ушундан улам аталган фонд баштаган активисттер жеке балдар үйлөрүнө жардам берүү үчүн “Баланын курсагын тойгуз” деген аталышта акция башташкан. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча Кыргызстандагы 66 жеке балдар үйү мамлекеттен эч кандай жардам албайт. Иш-чаранын алкагында жыйналган каражаттар, тамак-аш азыктары ошол балдар үйлөрүнө жана беш-алтыдан балдары бар үй-бүлөлөргө таркатылат. “Баланын курсагын тойгуз” деп аталган акция 1-октябрда башталган, 10-ноябрда аяктайт.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча Кыргызстанда 330 миң чамалуу бала тое тамак жебейт. Мамлекет тарабынан ата-энесинин каржылоосу жетишпеген балага ай сайын 495 сом жөлөк пул берилет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG