Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды күчүндө калтырды


28-октябрда биримдикке кирген мамлекет өкүлдөрү Орусияга Крымды аннексиялап алгандан кийинки жана Чыгыш Украинадагы козголоңчуларды колдогону үчүн киргизилген бардык санкцияларды талкуулашты. Италия жана Венгриянын лидерлери санкция таасир этпей жатканын белгилеп, аны бошоңдотууну же алып салууну сунушташты. Бирок көпчүлүк өкүлдөр санкцияны алып салууга каршы чыгышты. Мисалы, Литва Орусияга экономикалык санкцияларды дагы да күчөтүүнү айтты.

Евробиримдиктин “кара тизмесинин” башында "Роснефть", "Транснефть" жана "Газпром нефть", “Уралвагонзавод” компаниялары турат, ал эми АКШнын «кара тизмесине» "Газпром", "ЛУКОЙЛ", "Сургутнефтегаз", "Транснефть", "Газпром нефть" жана беш коргонуу жана жогорку технологиялык мамлекеттик корпорация киргизилген. Буларга удаа эле Жапония 24-сентябрдан тарта кошумча санкция киргизди. Бул жолу тыюу салынган банктардын катарында "Сбербанк", "Внешэкономбанк", "Внешторгбанк", "Россельхозбанк" жана "Газпромбанк" бар.

XS
SM
MD
LG