Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Өкмөт тариф боюнча апелляциялык арыз жолдоду


Өкмөттүн Бишкектеги райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу тууралуу доо арызы 28-октябрда Бишкек шаардык сотуна жолдонду. Анда аталган соттун 29-сентябрдагы «2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө» өкмөттүн токтомуна карата чыгарган чечимин жокко чыгаруу суралган.

29-сентябрда Бишкек шаарынын район аралык соту өкмөттүн бул токтомун жараксыз деп таануу тууралуу укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Манасбек Султановдун арызын канааттандырган эле.

Бул токтомдогу тарифтик саясат боюнча сентябрь айынан тартып, бир фазалуу электр энергиясын колдонгондор 1 кВт саат энергия үчүн 70 тыйындан, үч фазалуусун колдонгон керектөөчүлөр 1 кВт саат энергия үчүн 1 сом 20 тыйындан төлөөгө милдеттендирилген. Мамлекеттик отун энергетикалык комплекс департаменти соттук териштирүү аяктамайынча, электр энергиясынын 17-июнда кабыл алынган баасы өзгөрбөй турганын билдирди. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG