Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өтүүдө


Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти.

Эки тараптуу сүйлөшүү Лейлек районунун аймагында 28-октябрда башталды. Эки тараптуу жолугушууга кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров жетекчилик кылууда.

Быйылкы жыл башынан бери эки тараптуу чек араны аныктоо боюнча комиссиянын иши аймактагы чек ара чырлары, жол-суу, көпүрө куруу маселелеринен чыккан чатактардан улам солгундап калган болчу. Бул жолку жолугушууда чек араны тактоо боюнча маселелер каралаарын өкүлчүлүктөн билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын 970 чакырымды түзгөн чек ара тилкесинин 567 чакырымы такталган. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG