Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин аталган органдын расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, Шойгу министрлик алдындагы коомдук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, Орусиянын тыштагы аскер базаларын чыңдоону улантаарын айткан:
- Биз тыштагы аскер базаларды чыңдоону улантып жатабыз. Анын ичинде Кыргызстан, Тажикстан жана Армениядагы аскерий базаларды активдүү түрдө өнүктүрүп жатабыз, - деген Шойгу.
Учурда Кыргызстанда Орусиянын төрт аскерий объекти бар. Алар: Канттагы авиабаза, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор. Бул боюнча 2012-жылы жаңы келишим кабыл алынып, ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объекттери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу.(BkA)