Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Канада соту Кыргызстандын доо арызын карай баштады


Канада соту Кумтөрдүн акциясы боюнча Кыргызстандын доо арызын карай баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов кабарлады. Анын айтымында, Канаданын Онтарио сотунда кыргыз өкмөтү жолдогон доо арыз карала баштады. Анда өкмөт Stans Energy компаниясынын арызы боюнча «Центерра Голддогу» Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алуу мыйзамсыз болгонун билдирген:

- Учурда бул боюнча биздин арыз карала баштады. Ошондуктан, биз ал боюнча комментарий бергенибиз туура эмес болуп жатат. Анткени, кандайдыр бир комментарий берсек, соттун жүрүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн экен, - деди Мамытов.

Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан чечим чыгарган. Ал чечимдин негизинде өткөн аптада Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган болчу. 20-октябрда президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча өз пикирин билдирип, аны Кыргызстанды кысмакка алуу деп атап, өлкө бийлиги чечкиндүү кадамдарга бара турганын кошумчалаган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG