Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

“Центерра Голддун” директорлор кеңешинин жыйыны башталды


Шаршембиде Торонтодо “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин жыйыны башталды. Анда кыргыз өкмөтү менен Кумтөр боюнча кийинки сүйлөшүүнүн төртүнчү айлампасынын мөөнөтү аныкталмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүгө директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлдөрү да катышып жатат.

Буга чейин Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы ай башында Москвада өткөн. Анда “Центерра Голд” Кумтөр боюнча түзүлө турган биргелешкен ишкананы акционердик коом кылып түзүүгө макул болгонун Токон Мамытов билдирген.

Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аны парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент 15-декабрга чейин өкмөткө убакыт берген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG