Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Депутат Бакир уулу кумсалар сайты боюнча сотко кайрылат


Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жаңыдан ишке кирген bakiruulu.com деген аталыштагы интернет сайттын түзүүчүлөрүн сотко берет. Депутаттын “Азаттыкка” билдиришинче, өлкөдөгү сексуалдык азчылык өкүлдөрү мындай сайты түзүү менен анын кадыр-баркына шек келтирүүдө:

- Азыр жактоочум менен сүйлөшүп жатам, сайттын ээси ким экени аныктала элек. Менимче, Кыргызстандагы ЛГБТ өкүлдөрү болушу керек. Эми сотко кайрылабыз, -деди депутат.

Жакында интернетте bakiruulu.com деген аталышта сайт пайда болгон. Сайт өлкөдөгү сексуалдык азчылыктардын расмий сайты экени жазылган.

Ал эми Кыргызстандагы ЛГБТ өкүлдөрү сайтка тиешеси жоктугун билдирип жатышат.

Бакир уулу сексуалдык азчылык, бейөкмөт уюмдарга каршы пикирин байма-бай билдирип келет. Ал парламентте бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу боюнча мыйзам долбоорду демилгелеген.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. (TSh)

XS
SM
MD
LG