Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Президент жол бууганга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө нааразылык иретинде жол тороого жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-сентябрда кабыл алган. Ага ылайык, өлкөдөгү жолдорду тоскон жарандарга үч миң сомдон тарта, коомдук уюмдарга 50 миң сом айыппул салуу, ал эми стратегиялык мааниси бар жолдорду 24 сааттан ашык торосо он миң сомдон баштап, үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мыйзам демилгечилери мыйзам жол тороо сыяктуу акциялардын өлкөдөгү саясий абалга жана экономикасына терс таасир тийгизип жатканын эске алуу менен иштелип чыкканын билдиришкен.

Кыргызстанда жол тороо аркылуу нааразылык билдирүү кеңири колдонулуп келет. Акыркы жолу коррупцияга шектелген депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен бир айга жакын Ош – Эркеч-Там жолун бууп турган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG