Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Атамбаев: Канада Кыргызстанга карыздар


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Канаданын Кыргызстандагы жаңы элчиси Шон Стайлдын ишеним грамотасын алуу учурунда билдирди. Өлкө башчы Кыргызстандын Канада менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, бирок ортодо айрым маселелер бар экенин айтты.

Кумтөрдү иштеткен “Камеко” баштаган канадалык компаниялар Кыргызстандан киреше алганын эске салган президент бул өлкөнүн элчисине "Канада кайсы бир деңгээлде Кыргызстанга карыздар" деп билдирди. Ошондой эле Атамбаев Канада соттору Кыргызстанга байланыштуу иштерде мыйзамсыз чечим кабыл алганын да кошумчалады.

Мындан улам Шон Стайлга бул жааттагы бардык маселелерди Канаданын жетекчилигине туура жеткирүүгө чакырды.

Бүгүн Түркмөнстан, Армения, Куба, Канада, Италия, Эстониянын жаңы дайындалган элчилери Алмазбек Атамбаевге ишеним громаталарын тапшырышты. (BkA)

XS
SM
MD
LG