Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Каракөлдө мэр менен соттошкон ишкердин жакындары акцияга чыкты


Жалал-Абаддын Каракөл шаарында мэрге жалган жалаа жапты деп камакка алган ишкер Жаныбек Шаменовдун жакындарды нааразылык акциясына чыкты. 50дөн ашык адам мэрия имаратын алдына боз үй тигишти. Алар Шаменовду эркиндикке чыгарууну талап кылышууда.

Буга чейин Шаменов "Каракөл шаарынын мэри пара талап кылды" деп Башкы прокуратурага кайрылган. Анын негизинде мэрге кылмыш иш козголгон. Бирок Башкы прокуратура тергөөнүн жүрүшүндө Шаменовдун мэрге жалган жалаа жапканы аныкталганын билдирген эле.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аталган жарандын жеке ишканасы мэрия менен келишим түзүп, эки объектти куруп жаткан. Бирок курулуш учурунда бир нече финансылык мыйзам бузууга жол бергени аныкталып, мэрия тартип коргоо органдарына кайрылган. Мындай абалдан чыгуу үчүн ишкер мэрге жалган жалаа жаап, тартип коргоо органдарына кайрылганын прокуратура билдирүүдө. Ошондон кийин Шаменов камакка алынган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG