Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Украин бийлиги айрым өнөр адамдарына өлкөгө кирүүгө тыюу салды


Украин бийлиги антиукраиналык позициясы үчүн деп Орусиянын 14 маданият ишмерине өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салды. Украинанын маданият министри Евгений Нищук алардын аты-жөнү айтылбай турганын билдиргени менен, үч өнөр адамынын ысымы белгилүү болду. Алар: Иосиф Кобзон, Иван Охлобыстин жана Михаил Задорнов.

Буга чейин Украинанын чыгышындагы жикчилдер Орусиянын Эл артисти Иосиф Кобзонду өздөрү “Донецк эл республикасы” деп жарыялап алган аймактын Орусиядагы “ардактуу консулу” деп жарыялашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG