Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Аба ырайы


Чукул эскертүү:

29-октябрда жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 0…-5 градус суук (пахта себүүчү аймактарда -1…-3 градус үшүк жүрөт), күндүз 0…5 градус жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз -2…+3 болушу күтүлөт.

Аба ырайы:

30-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,

Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,

Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 3...8,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Түнкүсүн -5…-7, күндүз 4...6 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG