Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Бангладеш: исламчыл партиянын лидери өлүм жазасына тартылды


Бангладештин аскерий трибуналы өлкөдөгү "Жамаати-Ислами" партиясынын лидери Мотиур Рахман Низамини өлүм жазасына кести.

Низамиге 1971-жылдагы Пакистан менен болгон согушта миңдеген адамдын өлүмүнө тиешеси бар деген кине коюлган. Натыйжада адамзатка каршы кылмыш, геноцид жүргүзүү, киши өлтүрүү, зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүмдү угузардан алдында өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Буга чейинки "Жамаати-Ислами" мүчөлөрүнө каршы өкүм угузуулардан кийин зомбулуктар коштолгон протесттер орун алган болчу.

Протестчилер алардын тарапкерлерине каршы сот жараяндарын саясий куугунтук катары баалап келишет.

XS
SM
MD
LG