Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

"Петрo Порошенко блогу" коалициялык келишимдин долбоорун жарыялады


Украин президентинин блогу 29-октябрда коалиция түзүү боюнча келишимдин долбоорун жалпы талкууга алып чыкты.

Документ Арсений Яценюктун “Элдик фронт” жана Андрей Садовыйдын “Самопомощь” партияларына да тапшырылды.

Долбоордун преамбуласында документ Порошенконун "Украина-2020" өнүгүү планынын негизинде жазылганы айтылат.

Ал стратегиялык планда Украина Евробиримдикке мүчөлүк арызын 2020-жылга чейин тапшыруу зарылдыгы көрсөтүлгөн.

Украина БШКсынын маалыматына караганда, шайлоодогу протоколдор дээрлик толугу менен эсептелип бүттү. Анда 22% менен “Элдик фронт” алдыга озуп чыккан. "Петро Порошенконун блогу" 21,8%, "Самопомощь" партиясы 11% алган. Украин парламентине мындан башка дагы "Оппозициялык блок", Радикалдык партия жана "Батькивщина" өттү. БШК расмий жыйынтыгын айта элек.

26-октябрда Украинада кезексиз парламенттик шайлоо өткөн. Анда 29 партия ат салышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG