Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Москвада сталиндик репрессия курмандыктарына арналган акция өтүүдө


Москва шаарынын Лубянск аянтында “Ысымдардын кайрылуусу” деген аталышта сталиндик репрессия курмандыктарын эскерүүгө арналган акция өтүүдө.

"Мемориал" уюмунун активисттери андагы Соловецк эскерүү ташынын жанында жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин кезектешип, сталиндик террордон курман болгондордун ысымдарын үн чыгарып окуп турушмакчы.

Уюмдун мүчөсү Александр Черкасовдун билдиргенине караганда, бир эле Москва шаары боюнча 40 миң адам атылган.

Акция саясий репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн утурлай өткөрүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG