Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Украинада коалиция түзүү аракеттери жүрүүдө


“Элдик майдандын” лидери Арсений Яценюк “коалицияны шайлоодо көп добуш алган партия түзүүгө тийиш, ал эми анын лидери өкмөттү жетектөөсү керек” деп билдирди 29-октябрдагы маалымат жыйынында. Бул аралыкта “Порошенконун блогу” мажоритардык тизме менен шайлоодо көп добушка ээ болгонун белгилеп, коалицияны куроо блоктун укугу экенин билдирип чыкты.

29-октябрда добуш берүү бюллетендеринин 98% саналып бүткөн. Ага ылайык, эң көп добушту “Элдик майдан” алып, 22,2% жетти. Ал эми Петр Порошенконун блогу 21,8% ээ болгон. Ал эми мажоритардык система менен шайлоодо Порошенконун блогу көп добушка ээ болгону айтылууда, Украин БШКсынын маалыматы боюнча бул блокко парламенттен 133 орун алууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми "Элдик майдан" 81 орун ала алат.

XS
SM
MD
LG