Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:53

НАТО: Орусиянын аскер учактары Европа чек арасына жакын учууда


НАТО Орусиянын төрт аскер учагына байкоо жүргүзүп, алар эл аралык мейкиндик аркылуу Европанын чек арасына жакын барганын байкашкан. Орусиялык авиатоптун курамында бомбардирлер, истребител жана күйүүчү май куюучу учак болгон. Алар Балтика жана Түндүк деңиздеринин, Атлантика океаны менен Кара деңиздин үстүн айланып учушкан. Орусиянын аскер учактары Португалия менен Испаниядан батышка карай эл аралык мейкиндик аркылуу учушкан деп маалымдайт НАТОнун Монседеги штабы.

Буга байланыштуу альянс курамындагы Норвегия, Британия, Германия, Дания жана Түркиянын учактары асманга көтөрүлүштү. Ошондой эле альянска кирбеген Финляндия менен Швеция да учактарын учурган.

Орусиянын Украинага кийлигишүүсүнөн кийин НАТО менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу “кансыз согуш” учурундагыдай деңгээлге жетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG