Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

1-январдан тарта ички паспорт менен Орусияга кирүүгө болбойт


Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы кечээ билдирип, Орусияда жүргөн жана ал жакка барууну максат кылган жарандарга жалпы жарандык паспорт менен камсыз болууну эскертти. Орусия тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы жылдан баштап кыргызстандык жарандар Орусиянын аймагына киргенде жана чыкканда жалпы жарандык паспортко ээ болушу керек.

Орусиянын жаңы талаптарына ылайык, чек арадан өтүүдө улуулар менен бирге эле жашы 16га жете элек балдар да жалпы жарандык паспортко ээ болууга тийиш.

Кыргызстандык жарандар ички паспорт менен Орусияга кирүү укугуна 2007-жылы апрель айында ээ болушкан. Бул жеңилдик 2015-жылдан тартып алынмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG