Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Кыргызстанда инфляция чектен ашты


Каржы министрлигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жайлашы мамлекеттик бюджетти өзгөртүүгө апкелди. Быйылкы бюджет бекитилип жаткан учурда инфляция 7% болот деп болжолдонгон болсо, жыл аягында 10,6% түзөөрү күтүлүүдө. Ал эми ички дүң продукциянын өсүшү жыл аягына чейин мурда күтүлгөндөй 6,9% эмес, болгону 4,5% түзүп жатат.

Маалыматта айтылгандай, коммуналдык кызмат акыларынын кымбатташы, электр энергиясына жана жылуулукка баалардын көтөрүлүшү, доллардын сомго карай курсунун жогорулашы –азык-түлүк бааларынын кескин өсүшүнө алып келди.

Адистер азык-түлүккө баанын кескин көтөрүлүшү жана доллардын тездик менен өсүшү - сырттан товар ташып келип күн көргөн Кыргызстандын чабал экономикасын дагы кыйынчылыкка кептеши ыктымалдыгын айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG