Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Ички иштер кызматкерлери үчүн үйдүн курулушу башталат


ИИМ басма сөз катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча милиция кызматкерлерине турак-жай куруу үчүн президенттин фондунан 55 млн. сом бөлүнгөн. Бул каражатка жалпысы болуп жети көп кабаттуу үй тургузулат. Анын ичинен төртөө борбор калаага, экөө Ош шаарына, ал эми бирөө Баткен шаарына тургузулат. 30-октябрь күнү Бишкектин Көк-Жар кичирайонунда ар бири 60 батирлүү үч көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат. Алардын бири келерки жылдын апрель-май айларында бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылмакчы.

Жоробай Абдраимовдун белгилешинче, батирлер ИИМдеги турак-жай берилүүчү тизме аркылуу, муктаж кызматкерлерге берилет. Ал тизмеде бир нече жылдардан бери үйү жок иштеп жүргөн кызматкерлер бар дейт басма сөз катчысы.

Милиция кызматкерлерине 2012-жылы Ош шаарында көп кабаттуу үй берилген. ИИМ кызматкерлери болсо 2009-жылы Бишкектин борборуна курулган көп кабаттуу үйгө киришкен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG