Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Аскер буюмдарын мыйзамсыз алып бараткан жаран кармалды


Кыргыз-казак чек арасында көп сандагы аскер бычактарын алып өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жарандын кол баштыгында 116 даана мылтык башына орнотулчу бычак табылган. Ал кандай максат менен алып баратканын түшүндүрүп бере алган эмес. Кармалган адам Чүй облустук милициясына өткөрүлүп берилди. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG