Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Бишкекте “Энесайлык кыргыздар” аттуу көргөзмө ачылды


Мындай аталыштагы көргөзмө бүгүн Бишкектеги Тарых музейинде ачылмакчы. Анда Орусиянын Минусинск шаарындагы аймак таануу музейиндеги Х-ХII кылымдарда Энесайдагы кыргыздар колдонулган буюм-тайымдар, курал-жарактар жана тарыхый экспонаттар коюлду. Иш-чара өлкөдө быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата уюштурулууда. Көргөзмө 25-декабрга чейин уланат.

Энесай кыргыздары Саян-Алтай аймактарында жашаган байыркы түрк тилдүү элдердин бири. Ал жерде VI–VIII кылымдарда мамлекетин түптөгөн. Тарыхчылар бул элди учурдагы кыргыз, хакас, алтайлыктар жана тувалыктардын бабасы катары санашат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG