Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Жарандык коом президентти ИИМдеги реформаны көзөмөлдөөгө чакырды


Бул тууралуу жарандык коомдун өкүлдөрү Ички иштер министрлигиндеги реформа боюнча Бишкекте өтүп жаткан форумда билдиришти. “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмесинин теңтөрагасы Тимур Шайхутдиновдун айтымында, ички иштер органдарындагы өзгөрүүлөр конкреттүү жыйынтык бериши үчүн өлкөнүн жетекчилери муну көзөмөлдөш керек. Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоонун алдында бул тармакта реформаны ишке ашыруу боюнча убадасын эске салган Шайхутдинов аны аткарууга чакырды.

Өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана ички иштер органдарын реформалоо маселеси көптөн бери эле талкууланып келатат. Бул боюнча өкмөттө бир нече жумушчу топ түзүлүп, талкуулар өткөн. Бирок жарандык коом жана укук коргоочулар реформанын жыйынтыгы болбой жатканын сынга алып келишет.

Ушул аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул тармакта реформа токтоп жатканына тынчсыздануусун билдирип, министр Мелис Турганбаевге кыска убакытта реформаны ишке ашырууну тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG