Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Ишкер Алкановго кол салды деп шектелгендер кармалды


Ишкер Райкан Алкановго кол салды деп шектелген үч кыз кармалды. Бул тууралуу ишкердин адвокаты Юрий Скатневский Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кармалгандар Алкановдун үйүндө иштеген бала багуучунун туугандары болуп чыкты. Учурда ишкер Бишкекке алынып келинип, Чүй облустук ооруканасына жаткырылды. Адвокат кошумчалагандай, ишкерге кол салынган күнү анын үйүнөн 200 миң сом уурдалган.

Райкан Алкановго 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салуу болгон. Кол салуудан Алкановдун ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ага операция жасалды. Дарыгерлер ишкердин денесине 18 жолу бычак урулганын билдиришкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG