Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Улуттук банк дагы 13 млн. доллар интервенциялады


Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн 29-октябрда валюта базарына дагы 13,4 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Мындай жол менен сомдун курсун туруктуу кармоо аракетин көрүлүүдө. Жыл башынан бери Улуттук банк 344 миллион долларга жакын валюта рыногуна доллар киргизди. Акыркы апталарда Кыргызстанда доллардын курсу жогорулаганы байкалууда. Ушул тапта Бишкектеги валюта базарында доллардын баасы 57,70 - 58 сомго чейин чыгууда. Ал эми евронун баасы 73 сомдун тегерегинде болуп жатат.

Буга финансисттер өлкөнүн импорттук товарга көз карандылыгы, ошондой эле саясий абалдан улам орус рублинин куну түшүп кеткени себеп болду деп түшүндүрүүдө. Ошентсе да Улуттук банктын өкүлдөрү дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок деп ишендиришүүдө. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG