Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Энергетика министрлиги “Ата Мекендин” кайрылуусун текшерүүдө


Энергетика жана өнөр жай министрлиги Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын тармактагы коррупциялашкан жетекчилер боюнча кайрылуусун текшерип жатат. Бул тууралуу министр Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, фракция мүчөлөрү кызматтан алууну талап кылган кызматкерлердин иши боюнча маалымат учурда иликтенип жатат. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынарын Турдубаев убада кылды.

Ушул аптанын башында “Ата Мекен” фракциясы өкмөт жетекчилигине кайрылуу жолдогон. Анда фракция мүчөлөрү энергетика тармагындагы бир нече жетекчи мурда коррупцияга аралашканы үчүн жоопко тартылганына карабай учурда иштеп жатканына көңүл бурган. Бул жетекчилердин катарына “Камбар-Ата ГЭС-2” акционердик коомунун башкы директору Бектурсун Качканкуловду, анын орун басары Акбаралы Кудайбергеновду, «Нарынгидроэнергострой» ишканасынын директору Осмон Качкынбаевди жана Бишкек жылуулук борборунун директорунун орун басары Осмонбек Бакиевди киргизип, аларды кызматтан алууну өкмөттөн талап кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG