Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

Баткен: быйыл чек арада 43 чыр-чатак катталды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери облус аймагында жалпысынан чек арага байланышкан 43 чыр-чатак катталып, анын 35и Тажикстан менен, сегиз жаңжал Өзбекстан менен чек арада болгон.

Ар бир чыр чыккан учурда милиция күчөтүлгөн тартипке өтүп, абалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн аракет жасаган. Мындан тышкары чек аралаш аймактарды быйылкы жыл башынан бери 11 милициянын таяныч борборлору ачылган. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG