Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

УЕФА президенти Мишел Платини сунуштаган жаңы үч эреже – ак карточка, үчтүн ордуна бешти алмаштыруу, арбитр үчүн чектелген жаш өзгөчөлүктү алып салуу.

Бул кошумча эрежелер тууралуу Платининин жаңы жарык көргөн “Футбол тууралуу ой толгоо” китебинде кеңири баяндалат. Жаңы эрежелер учурда футбол коомчулугунда кызуу талкууга алына баштады.

Кошумча эрежедеги ак карточка судья менен тартышкан футболчуну болгону 10 мүнөткө оюндан четтетет. Бул зарылдык акыркы мезгилде тенденцияга айланган арбитр менен айтышкан учурларды азайтат деп жазылат.

Ал эми арбитрлер үчүн 15 жаштан 45 жашка чейинки чекти алып салуу менен аларды тандоодо паспорт башкы маселе болбой физикалык даярдык биринчи катарга чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG