Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Казакстанда орусиялык Meduza сайты жабылды


Сайт “улут аралык кастыкты козутканы жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген макаласы үчүн” айыпталып, убактылуу жабылганы кабарланды.

Жакында эле бул сайтта “Өскемен (Усть-Каменогорск) элдик республикасы. Казакстандагы орустар “жашылдарды” күтөбү?” деген аталышта макала жарыяланып, коомчулукта терс пикирлерди жараткан эле. Кийинчерээк макалада көрсөтүлгөн славян уюмдары анда сөздөр бурмаланганын айтып чыгышкан. Макала жарыялангандан көп өтпөй сайт ачылбай калган.

Казакстандын Инвестиция жана өнүктүрүү министрлиги сайтты сотко да берди. Сот иштери аяктамайынча сайт ачылбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG