Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:34

Электр энергиясын чектөөнүн графиги ноябрда белгилүү болот


Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев 30-октябрда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, электр энергиясын түн ичинде, түнкү саат 12ден таңкы саат алтыга чейин өчүрүү сүйлөшүлгөн. Бирок ошентсе да министрлик мүмкүн болушунча чектөөнү азайтууга аракет кылууда. Министрдин айтымында, жыл сайын эле кышкысын элдин электр энергиясын колдонуусу үч эсеге көбөйөт. Бул керектөөчүлөрдүн электр энергиясын жылуулук максатында жана тамак жасоо үчүн колдонгонунун натыйжасы. Анткени электр энергиясынын баасы газ менен көмүрдөн арзан турат дейт Кубанычбек Турдубаев.

Электр энергиясын чектөө айрым аймактарда октябрь айынан тартып эле башталган. Ош, Жалал-Абад облустарында сегиз сааттан жарык өчүрүлүп жатса, Баткенде айрым айылдар он эки саатка чейин электрсиз отурушканы кабарланган.

Кыргызстандагы электр энергиясынын булагы болгон Токтогул суу сактагычында быйыл суу аздыгына байланыштуу өкмөт кышында жарыкты ченеп берүүгө аргасыз. “Түндүкэлектр” ишканасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 621 млн. куб метр суу бар. Бул өткөн жылкыга караганда 4 млрд. 200 млн. куб метрге аз. Эгерде электр энергиясына чектөө киргизилбесе, жазында Токтогул ГЭСи ишин токтотууга аргасыз болот.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG