Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Apple компаниясынын жетекчиси Тим Кук кумса экенин жарыялады


Bloomberg Businessweek жумалыгы үчүн жазылган очеркинде Тим Кук “сексуалдык азчылыктардын катарында болууну терең түшүнүп жаткандыгын” айткан. Ошондой эле ал теңчилик үчүн күрөш анын жеке жана ишкердик этикасына жатарын да жазган.

53 жаштагы Тим Кук Apple компаниясын 2011-жылы, ишкананын негиздөөчүсү Стив Жобстун өлүмүнөн кийин жетектеп калган. Кук өзүнүн сексуалдык ориентациясын эч качан танбаганын, ошондой эле эч качан жарыя да кылбаганын айтты. Ал өзүн “жаратылышты сүйгөн, фитнестин күйөрманы, Түштүк Американын тургуну, спорт күйөрманы жана инженер байке” деп эсептейт.

Apple дүйнөдө Macintosh компьютерлери жана iPod, iPhone жана iPad продукциялары менен таанылган.

XS
SM
MD
LG