Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Сentralasia.ru сайты иштебей калды


Орусиянын сentralasia.ru cайты белгисиз себептен улам иштебей калды. Интернет басылманын жаңылыктарды акыркы ирет 30-октябрь күнү кечинде жаңыланган. Андан бери ачылбай турат.

Медиа айдыңында өз орду бар бул сайтта негизинен Борбор Азия мамлекеттериндеги коомдук-саясий маалыматтар жана аналитикалар жазылат. Редактору Виталий Хлюпин.

Азырынча интернет-басылма жетекчилиги эмне себептен сайт иштебей калганын түшүндүрө элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG