Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Бишкекте кыргыз гербинин 20 жылдыгына арналган флешмоб өттү


Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы уюштурган бүгүнкү акцияга миңге жакын студент катышканын аталган мекемеден билдиришти. Жаштар Кыргызстандын картасынын элеси түшүрүлгөн сызыкка тизилишип, гимндин коштоосунда гербдин сүрөтүн көтөрүп турушту. Иш-чаранын максаты - жаңы муун арасында мекенчилдик сезимди жогорулатуу.

Кыргызстандын герби 1994-жылдын 14-январында кабыл алынган. Авторлору Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Учурдагы герб 1223 үлгүнүн арасынан тандалып алынган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG