Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Кыргызстанда 50% айымдардын эмгеги эске алынбайт


Кыргызстанда эмгекке жарамдуу айымдардын 50% гана маяна төлөнгөн жумуштарда иштейт. Калган жарымы үй жумуштары менен гана алектенет. Бул тууралуу “Азаттыкка” БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Асыл Жакиева уюмдун анализине таянып билдирди:

- Калган 50% айымдардын талаада, үйдө, базарда жасаган жумуштары ички дүң өнүмдө эсепке алынбайт. Дыйканчылык сыяктуу айлыгы жок багытта иштеген аялдар деле коомдук турмуштун жигердүү мүчөлөрү болуп эсептелет. Алардын экономикага кошуп жаткан салымы айтылбайт.

БУУнун анализине ылайык, Кыргызстандагы жалпы эркектердин 70% айлык төлөнчү жумуштарда иштейт. Бул көрсөткүч расмий эсептөөлөр менен чыгарылган. Бейрасмий түрдө айлык албай, ишкерлик жана дыйканчылык менен, же жалданма жумуш аркылуу акча тапкан мырзалардын саны мындан көп болушу мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG