Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Орусия менен Украина газ келишимине кол койду


Орусиянын жана Украинанын энергетика министрлери Александр Новак менен Юрий Продан келишимге кол койгондон кийин. 30-октябрь, Брюссель.

Орусиянын жана Украинанын энергетика министрлери Александр Новак менен Юрий Продан келишимге кол койгондон кийин. 30-октябрь, Брюссель.

Келишим быйыл кышта Украина орус газы менен камсыздаларын кепилдейт. Еврошаркеттин ортомчулугу менен жетишилген макулдашууга эки өлкөнүн энергетика министрлери Брюсселде кол коюшту.

Еврокомиссиянын энергия иштери боюнча комиссары Гюнтер Эттингердин айтымында, Орусия газ берүүнү калыбына келтириш үчүн Украина карызынын 1 миллиард 450 миллион долларын алдыдагы күндөрү төлөйт. Калган 1 миллиард 650 миллион доллардык карыз жыл аягына чейин берилет.

Жаңы келишим боюнча Украина 1000 куб метр көгүлтүр отту 385 доллардан сатып ала турган болду. Бул мурдагы баадан 100 долларга арзан. Газ акысы алдын ала төлөнүп турат.

Еврокомиссиянын келишиге кол коюу жөрөлгөсүнө катышкан президенти Жозе Мануэл Баррозу эми Европада да адамдар кышта жылуулуксуз калышына жүйө жоктугун белгиледи. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG