Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Коргоо кеңеши диний абалды талкуулайт


Коргоо кеңеши 3-ноябрда жыйынга чогулуп, мамлекеттин диний багыттагы концепциясын бекитет. Ошондой эле чек ара коопсуздугу боюнча талкуу жүрөт. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев төрагалык кылат.

Кеңеш өлкөдөгү диний абалды быйыл февраль айында да карап, Атамбаев кырдаалды жакшыртууга багытталган конкреттүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экенин айткан.

Кыргызстандан Сириядагы согушка аттанган дин фанаттары улам өсүп жаткандыктан адистер өлкөдөгү диний кырдаал опурталдуу экенин белгилеп келет.

Баш мыйзамга ылайык дин мамлекеттен ажыратылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG