Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 00:47

Кыргыз өкмөтү Араб координациялык тобунан каржылык көмөк сурады


Мамлекеттик резиденцияда бүгүн Араб координациялык тобунун катышуусунда башталган жыйында Кыргызстанга каржылык көмөк көрсөтүү маселеси каралууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан аларга жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашуун 22 долбоорду сунуштады. Долбоорлорго энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдар багытында ишке ашыра турган жумуштар камтылган. Араб координациялык тобу аларды карап чыгып, өз жообун айтат.

Аталган топко Кувейт экономикалык өнүгүү фонду, Абу-Даби өнүгүү фонду, Ислам өнүгүү банкы жана башка уюмдар мүчө.

Кыргызстан менен Араб координациялык тобунун кызматташуусу 2009-жылы башталып, жол куруу жаатында долбоорлор ишке ашырылган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG