Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Ооган президенти "Талибанды" тынчтык жараянына кошулууга чакырды


Ашраф Гани мындай чакырыкты бүгүн Бээжинде Кытай Ооганстан боюнча өткөргөн жыйында жасады:

- Тынчтык биздин негизги милдетибиз. Саясий оппозицияны, өзгөчө талиптерди оогандар ортосундагы диалогго кошулуп, биздин эл аралык өнөктөштөрүбүздүн баарынан оогандар жетектеген, оогандар ээлик кылган тынчтык жараянды колдоону суранууга чакырабыз.

Ооганстандын саясий топторунун баарын мурдагы кастыкты унутуп, саясий элдешүү жараянына кошулууга Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян да үндөдү.

Кытай өкмөтү оогандарды түрдүү кесиптерге даярдоо үчүн 224 миллион доллар жана ооган студенттеринин Кытайда окушу үчүн 500 стипендия убада кылды.

Стамбул жараяны деп аталган жыйындын төртүнчү чакырылышына Ооганстандын айланасындагы ондон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да катышты. (UE)

XS
SM
MD
LG